Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык кеңешинин XXVII сессиясы

 

2022-жылдын 18-январы № 6/5

                 Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин  тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022- жылдын  13-январдакы  ата-энелер чогулушунун № 2 токтомун , № 11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин  тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын13-январындакы № 1 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындакы токтомун  бекитип берүү боюнча балдар бакчаларынын башчылары Т.Жусуева , А.Каримбердиева , Б.Токтобаева , А.Бокееванын билдирүүлөрү жөнүндө.

                  Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январдакы  ата-энелер чогулушунун № 2 токтомун , № 11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги  тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын13-январындакы №1 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесиндеги тарбиялануучулардын ата-энелери жана профсоюз уюму менен биргеликте өткөн чогулушунун 2022-жылдын 13-январындакы токтомун  бекитип берүү боюнча мекеме жетекчилери Т.Жусуева , А.Каримбердиева , Б.Токтобаева , А.Бокееванын  билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кенешинин отуруму токтом кылат:

1.Ленин айыл өкмөтүнө караштуу №10 “Жоогазын” мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындакы ата-энелер чогулушунун №3 токтомун, №11 Б.Арзиева атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун № 7 токтомун, №31 Г.Маманова атындагы мектепке чейинки билим берүү  уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чогулушунун №1 токтому жана №28 “Согонду-Наристе” мектепке чейинки билим берүү  уюму мекемесинин 2022-жылдын 13-январындагы ата-энелер чолгулушунун № 11 токтомун бекитип берүү боюнча мекеме жетекчилери Т.Жусуеванын , Н.Сакенованын, Б.Токтобаеванын, А.Бокееванын билдирүүлөрү эске алынсын.

 

 2.Мектепке чейинки билим брүү  мекемелеринде  тарбияланып жаткан балдарды ар жыл сайын 1-июлдан 31-августка чейин жайкы эс алууга чыгарууга жана ай сайын ата-энелерден төлөнүүчү мүчөлүк акыдан бошотуу жагын карап  мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин .

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Орозали уулу Таалайбек