Редакцияот 31/01/2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII отурумунун

 

2022-жылдын 31-январы № 7/1

2020-2021-жылдарга  башында бекитилген айылдык округдун    социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы, социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2022-жылга бекитүү  жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө.

2020-2021-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы , социалдык-экономикалык өнүгүү планынын 2022-жылга бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун  2022-жылдын 31-январындагы  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,   Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат: 

 

1.2021-жылдын башында бекитилген айылдык округдун социалдык-экономикалык өнүгүү пландарынын аткарылышы , социалдык-экономикалык өнүгүү планынын  2022-жылга бекитүү жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландарын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановдун билдирүүсү эске алынсын.

2.Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүнүн стратегия планы 2022-жылга жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландары бекитилсин.

 

3.2022-жылдын башында бекитилген айыл округунун  социалдык-экономикалык  өнүгүүнүн стратегия пландарынын 2023-2024-жылдарга болжолдуу пландарын аткаруу боюнча уюштуруучулук иштерди жакшыртуу, аткаруу айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Субановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Орозали уулу Таалайбек