Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган)

жетинчи сессиясы

 

2022-жылдын 22-январы № 7-3

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке  чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алуу үчүн акча каражатын бекитүү  жөнүндө

 

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алуу үчүн акча  каражатын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ  башчысынын берген маалыматын угуп, талкуулап,  Кыргыз  Республикасынын  Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө  Мыйзамынын  34-беренесинин 3-пунктуна негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

                                

токтом кылат:

1.  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алууга 2022-жылга 3 089 400,00 (үч млн сексен тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты жыл ичинде бекитилсин.

2.        Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиялануучуларына тамак-аш сатып алууга которулган атайын банктык эсебин көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М. Эшполотовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К. Амановго милдеттендирилсин.

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык  жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Женишбай у. Э.