Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынын (жетинчи шайланган)

жетинчи сессиясы

2022-жылдын 7-январы № 7-4

 Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндө

     Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планын бекитүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын  Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесине таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

                                                 

токтом кылат:

1.     Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2022-жылга иш планы өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин (тиркеме тиркелет).

 

2.    Иш пландын өз убагында жана толук аткарылышын көзөмөлгө алып туруу Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жооптуу катчысы К. Заировага тапшырылсын.

 

3.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартип, этика, дин иштери, үй-бүлөнү коргоо, үрп-адат жана каада-салттар боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Женишбай у. Э