Редакцияот 22.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айылдык Кеӊешинин V шайланган кезектеги XXV сессиясы

 

2022-жылдын 22-январы № 7-5

Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022- жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү  планына АРИСтин CASA 1000 кошумча  каржылоо долбоорунун алкагында   санариптик рентген медициналык  аппараттарын сатып алуу долбоорун киргизүү  жөнүндө                                                  

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына АРИСтин CASA 1000 кошумча   каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын сатып алуу долбоорун киргизүү  жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын  туруктуу комиссияларынын  отурумунда карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө  Мыйзамынын 34-беренесинин 3-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кеңеши.                                              

токтом кылат:

1.  Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына АРИСтин CASA 1000 кошумча   каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын сатып алуу долбоору  киргизилсин.

 

2.  Кыргыз-Ата  айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдардын социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилген АРИСтин CASA 1000 кошумча   каржылоо долбоорунун алкагында санариптик рентген медициналык аппараттарын  кабыл алуу, баланска тургузуу жана ишке киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

3.  Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча  туруктуу комиссиясына тапшырылсын 

 

Төрага

Женишбай у. Э