Редакцияот 25.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

VI чакырылышынын 2-сессиясынын

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 25 майы №2/02

 

“Жаңы курулган мектептин имаратын Көк-Бел айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”  Мыйзамына ылайык жеке демөөрчү А.Раев тарабынан курулган жаңы мектеп имаратын айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүү боюнча жазган арызын карап чыгып жана талкуулап  Көк-Бел айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жеке демөөрчү А.Раевдин арызы канааттандырылсын.

2.    Жалпы балансалык баасы 3 434 226сом турган башталгыч класстар мектебинин имараты  Көк-Бел айылөкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.

3.    Токтомдун аткарылышы айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Ш.Дадабаевге, көзөмөлдөө жагы айылдык  Кеңештин  бюджет-экономика  жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага                                                                                                     А.Б.Ашимов