Редакцияот 29.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

VI чакырылышынын 4-кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 29 июну №4/03

“Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2024–жылдарга болжолдуу долбоору жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын 2011-жыл 15-июль № 101 “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 95-беренесинин негизинде айыл аймакка зарыл болгон иш чараларды чечүү максатында жергиликтүү бюджеттин 2022-2024-жылдарга орто мөөнөттүү болжолдуу долбоорун карап чыгып  Көк-Бел айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү  жактырылсын.

2.    Бул токтомдун аткарылышы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысыА.Э Айткуловго жана финансы экономика бөлүмүнүн  башчысы Ш.А.Дадабаевге,  көзөмөлдөө жагы Көк-Бел айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

  

Төрага                                                                                                     А.Б.Ашимов