Редакцияот 27.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(7 – чакырылышы) кезектеги VIII– сессиясынын

 

ТОКТОМ

 

2022-жылдын    27-январы №8/2

 

“Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндө”

 

Ынтымак айылдык кеңешинин сессиясы күн тартибиндеги  Ынтымак айыл өкмөтүнүн Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына карата эсептик счетундагы калдыкты бекитүү жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып,

                                                     

ТОКТОМ КЫЛАТ;

 

1.    Ынтымак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджеттик счетунан калган калдык кирешелери  жана чыгашалары 3953,0 миң сом жана атайын каражат эсеп счетунан  калган калдык кирешелери жана чыгашалары 71,6 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2.    2022- жылга айылдык бюджетине 1-январына каралган калдыктын эсебинен чыгашалар боюнча багыттар №1- тиркемеге ылайык аныкталсын. Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгүн  жыл башындагы бекитилген суммага 2022-жылдын 1- январына эсептик счетунда калган калдыкты кошуп каржылануусун Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Ынтымак айылдык кеңешинин “Экономика , бюджет, соода жана ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

  

                 Төрага                                                                                  Р.Исамов

 

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин (7-чакырылышы)

кезектеги VIII-сессиясынын №2- токтомуна

№ 1 –тиркеме.

 

 

№

Чыгашалардын аталышы

сумма

1

Ички чарбалык каналдарды тазалоо ж/а бузулган лотокторду оңдоо

170

2

Дөң-Маала айылындагы трансформаторду оңдоо

50

3

Таш-Булак айылындагы сайга зуб куюу

40

4

Аскердик каттоо мобилизациясы үчүн

52,6

5

Арзыбай миң башы көчөсүнө таза суу чыгарууга

50

6

Акшар айылына таза суу тартууга

100

7

Беш-Буркан айылына сугат суу алып келүү үчүн

400

8

Жаңы курулган ооруукананын ремонт убагындагы электо энергиясынын карызы

30

9

Борбордук спорт комплексинин курулушуна

2000

10

Жаңы курулган оорууканага ажааткана жана утилизация курууга

294,9

11

Жаңы курулган ооруукананын айланасын тосуу

235,2

12

Жаңы курулган ооруукананын ичиндеги төрөткана менен УБДТнун ортосун аква менен бөлүү

34,9

13

Библиотека кызматкерлеринин эмгек акысы

 

124

14

Соц. фондко чегерүү

21,4

15

Барчын балдар бакчасына кошумча бөлмө курууга

300

16

Т. Кулатов мектебинин электро энергиясынан карызы

50

 

Бюджеттик эсептеги чыгашалар жыйынтыгы:

3953

 

Атайын каражат

34

 

ГОКЗ (депозит)

7,5

 

Жарыктандырууга кетүүчү каражаттар үчүн

37,6

 

Жалпы чыгашалар жыйынтыгы:

71,6

 

 

 

 

Жалпы:

4024,6

 

 

 

Ынтымак айылдык кеңешинин

жооптуу катчысынын убактылуу милдетин аткаруучу                                М.Мурзаканов