Редакцияот 24.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

XXIX  чакырылышы

Кезектеги  XXX  сессиясы

ТОКТОМ

2021-жылдын 24-декабры №12

 

“Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы  “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739  кайрылуу каттары жөнүндө”

 

Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы  “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739  кайрылуу каттары жөнүндө шаардык  Кеңештин  алдындагы “Мыйзамдуулук”  боюнча  туруктуу  комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун  маалыматын  угуп  жана  талкуулап,  Таш-Көмүр  шаардык  депутаттар  Кенешинин  XXIX  чакырылышынын  кезектеги  30 – cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Шаардык мэриянын 17.11.2021-жылдагы, 24.11.2021-жылдагы жана 26.11.2021-жылдагы  “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу” 01-14/1678, 01-14/1718 жана №01-14/1739  кайрылуу каттары жөнүндө шаардык  Кеңештин  алдындагы “Мыйзамдуулук”  боюнча  туруктуу  комиссиясынын мүчөсү, депутат Р.Ормоновдун  маалыматы эске  алынсын.                                                              

2.    “Шаардын аймагындагы асылдуулугу төмөн жана калк турак жай куруп алган жерлерин которуу (трансформациялоо) тууралуу”  маселе толук такталбагандыгына байланыштуу кийинки сессияга жылдырылсын.

3.    Жогорудагы маселени жеринде карап, тактап чыгуу үчүн шаардык Кенештин алдында депутаттык комиссиясы түзүлсүн.

4.    Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

5.    Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов)  жүктөлсүн.

 

 

 

           Таш-Көмүр  шаардык депутаттар

           Кенешинин төрагасы:                                                                                С.Кудайбердиев