Редакцияот 28.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

VIII  чакырылышынын кезексиз  VIII сессиясы

ТОКТОМ

2021-жылдын 28-декабры №30

 

“Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылы аткарыла турган иштер  боюнча ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл  шаарынын Жазы-Кечүү  айылынын  атайын эсебинин  каражаттарын  башкаруу  боюнча дирекциясы” мамлекеттик мекемесине сунуш берүү жана Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча маалыматы”

 

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл  шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде  жүргүзгөн иштери боюнча маалыматын жана Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан  2022-жылы аткарыла турган иштер  боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз VIII  сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

     

1.    ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана Кара-Көл  шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча Байкоочу кеңештин өкүлү Н.Султанкулованын 2021-жыл ичинде  жүргүзгөн  иштери боюнча маалыматы эске алынсын.

2.    Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүүгүсүнө, анын ичинде ирригациялык тармакка, социалдык объектилердин курулуштарына 2022-жылда Атайын фонддун каражаттарынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын туура бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу жагы  Н.Султанкуловага тапшырылсын.

3.    ”Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун жана  Кара-Көл  шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы ” мамлекеттик мекемесине, Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан 2022-жылга аткарыла турган иштер  боюнча сунуштар бекитилсин (тиркеме тиркелет).

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.    Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:                                       А. Дөөлөткелдиев