Редакцияот 30.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

(XXVIII  чакырылышынын) кезектеги  VI сессиясынын

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 30-декабры №59

 

“Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодекси” Мыйзамынын 24-главасынын 73-76-беренелеринин негизинде таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын  өлчөмүн бекитүү жөнүндө"

 

Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык  айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, 

Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги  VI сессиясы

Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 

1.    “Кыргыз Республикасынын Салык эмес кирешелер жөнүндө кодекси” Мыйзамынын 24-главасынын 73-76-беренелеринин негизинде  Каргалык айыл аймагындагы  таштанды чыгаруу үчүн жыйым  төмөндөгүдөй өлчөмдө  бекитилсин;

-         бир жеке жашоочуга айына   -  20 сом, үй ичинен  кык, топурак, күл ж.б. таштанды чыгаруу үчүн  бир чарчы метр аянтына  - 100 сом,

-         мекеме-ишканада иштегендерге  киши башына    -  100 сом,

-         курулуш ээлерине    бир чарчы метр аянтына  - 100 сом,

-         жеке ишкерлерге  киши башына  айына  -  100 сом,

2.    Каргалык  айыл  аймагында   ишмердик     жүргүзүп жаткан юридикалык жактарга  таштанды чыгаруу үчүн жыйымдарга эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.      

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.

4.    Бул токтом  Каргалык  айыл  өкмөтүнүн  http://kargalyk.org.kg/   расмий  веб- сайтына   жарыялансын.

5.    Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет,  экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.

 

Каргалык  айылдык  Кеңешинин  төрагасы:                                                                                    Т.И.Токтоболотов