Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги алтынчы сессиясы

 

ТОКТОМ

2022-жылдын 04-февралы №6-16

“Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү” жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Мамытовдун 2021-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2022-жылга карата планынын негизинде, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылдагы иш аракети канааттандырарлык деп баалансын.

2.    Жайыт комитенини 2022-жылга такталган киреше жана чыгашаларынын негизинде 2 000 000 сом өлчөмүндө бюджети бекитилсин.

3.    Кызыл-Туу жайыт пайдалануучулардан шарттуу мал башына алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй белгиленсин:                                                                 

·        чоң жылкылар жана бодо малдар үчүн -120 сом

·        жаш жылкылар жана жаш бодо мал үчун (2 жашка чейин)-120 сом

·        сүт эмди тай жана торпоктор үчүн-120 сом

·        кой, эчкилер үчун-30 сом

·        козу-улактар үчүн-30 сом

Ал эми сыртка чыккан жайыт пайдалануучулар үчүн мал акысы белгиленген төлөмдүн 50%  өлчөмүндө бекитилсин.

Сырттан келген жайыт пайдалануучуларга ушул тариф 1,5 коэффициент эсебинде колдонулсун.

4.    Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча жайыт жерлерди убактылуу тосуп, чөп орок катары пайдаланса, 1 га жер үчүн 1000 (бир миң) сомдон акы төлөнсун.

5.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 Төрага:                                                                        Т.Джороев