Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 27-августу №4-3

“Кызыл-Сеңир айылындагы борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит куруу” жөнүндө

 

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүң Кызыл-Сеңир айылынын тургундарынын 28-октябрь 2020-жылдагы жыйынын протоколу, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиясынын 25-ноябрь 2020-жылдагы отурумунун протоколу, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин жер жана айыл чарба туруктуу комиссиясынын 20-август 2021-жылдагы отурумунун протоколун негиздеп  Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Сенир айылындагы эски борбордук мечиттин ордуна жаңы мечит курууга макулдук берилсин.

 

2.    Мыйзам негизинде тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жана Жалал-Абад областык казыяттан тиешелүү кагаздарын тактоо жагы Кызыл-Сеңир айылынын башчысы М. Зулпукаровго милдеттендирилсин.

 

3.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:                                                                        Т.Джороев