Редакцияот 27.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ

2021-жылдын 27-августу №4-4

“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04-февраль 2015-жылдагы Жобосун  негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Экономика, айыл чарба, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:

 

·        Бедияров Эркин- Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, Кызыл-Туу жайыт комитетинин төрагасынын орун басары;

·        Адиев Омор – Шатырак айылынын тургуну, К. Абдраимов атындагы орто мектебинин директору

 

2.    Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

 

Төрага:                                                                        Т.Джороев