Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 25-октябрындагы № 580
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене. «Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 1998-ж., № 12, 502-б.) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 12-берененин 7-бөлүгүндөгү «мамлекеттик кызматчылардын андан жогорку квалификациялык даражасына, класстык чендерине, атайын же аскердик наамдарына ээ эмес болсо,» деген сөздөр «андан жогорку атайын же аскердик наамдарга ээ эмес болсо,» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 18-берененин 3-бөлүгүндөгү «, ал эми катардагы курамдын жана кенже башкаруучу курамдын айрым кызматтарына дайындоо жана бошотуу бажы органдарынын жетекчилери тарабынан ишке ашырылат» деген сөздөр алып салынсын;
3. 34-берененин l-бөлүгүндөгү жана 3-бөлүктүн экинчи абзацындагы «эмгек жөнүндө» деген сөздөр алып салынсын;
4. 35-берененин 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына» деген сөздөр менен алмаштырылсын.