Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

 

2021-жылдын 15-январы № 22-4

“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:

·        Джороев Турат Курманбекович- айылдык кеңештин депутаты

·        Артыкбаев Канат Эркинович- айылдык кеңештин депутаты

·        Самиев Сыргабай Кылычбекович- айылдык кеңештин депутаты

·        Жумабаев Арапбай Абдиллаевич- айылдык кеңештин депутаты

·        Абдыкадыров Бейкут Алишерович- айылдык кеңештин депутаты

·        Стамов Абдували Турдалиевич- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, эмгек ардагери

·        Зулпукаров Муктарбек Акматбекович- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, жеке ишкер

·        Досов Азизбек Макамбаевич- Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн начальниги, милициянын майору

·        Жамбилов Кутманбек Кутбидинович- Кызыл-Туу аймактык милиция бөлүмчөсүнүн ыйгарым өкүлү, милициянын капитаны

·        Камчыбеков Насипбек Кадырбекович- Кызыл-Сенир айылынын тургуну,

Жалал-Абад областтык мамлекеттик кинодирекциясынын директору

1.    Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

 

Төрайым:

Т.Тагаева