Редакцияот 15.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин кезектеги жыйырма экинчи сессиясы

 

2021-жылдын 15-январы № 22-5

“Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө"

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 04.02.2015-жылдагы Жобосун  негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган укук жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, тартип сактоо, адабият жана маданият тармагында үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жарандар “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:

·        Баатаева Ширинбу Исаковна – №10 үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси

·        Ибрагимова Тургунбуш Жалаловна- Кызыл-Сенир айылынын тургуну, мугалим

2.    Бул токтомду www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин. 

 

Төрайым:

Т.Тагаева