Редакцияот 01.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Халмион айыл аймагынын айылдык  кеңешинин жетинчи          

чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы     

2021-жылдын 1-октябры № 18

                                    Халмион айыл аймагындагы Көк-Тал айылында турак жайга 

                         берилүүчү жерлердин аянтын өлчөмдөрүн белгилеп берүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 6-май 2005-жылдагы №177  “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосуна негиз  Халмион айыл аймагынын Көк-Тал айылынын калктуу конуштарынан жеке менчикке турак-үй куруу үчүн жер участокторун берүүдө,  жарандардын турак жайга карата муктаждыгын жана түшкөн арыздардын санын көптүгүн эске алуу менен , күн тартибиндеги маселени карап талкуулап чыгып Халмион айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Халмион айыл аймагында Көк-Тал айылынын калктуу конуштарынан 2,5 га жерден  жеке менчикке турак-үй куруу үчүн берилүүчү жер аянтын өлчөмдөрүн аянты  0,10 га дан бекитилсин.

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

З. Кожонов