Редакцияот 05.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Халмион айыл аймагынын айылдык  кеңешинин жетинчи

чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы

2021-жылдын 1-октябры № 19

 Муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө

 

      Кыргыз Республикасынын 15. 03. 2002-жылдагы №37  “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”  Мыйзамынын  6-беренесине ылайык күн тартибиндеги маселени карап талкуулап чыгып Халмион айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиги тарабынан өткөрүп берип жаткан эски иподромдун курулуш материалдарын Халмион айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине (балансына) каттап өткөрүп алууга макулдук берилсин.

 

2.    Тиешелүү иш кагаздарын толуктоо, өткөрүп алууга актылардын негизинде кабыл алуу жана андан ары курулуш иштерин жүргүзүүнү уюштуруу Халмион айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикти башкаруу боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.

 

3.    Ушул  токтомдун аткарылышын мыйзамда белгиленген тартипте аткарылуусун  көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы З. Максутовго жана каржы бөлүмүнүн башчысы С. Ормоновго  милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

З. Кожонов