Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  А.МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

А.Масалиев айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXIV сессиясынын

 

2020-жылдын 25-декабры № 34/3

Кара-Дөбө СПАсынын директору  А.Миталиповдун кайрылуусун кароо  жөнүндө

                                                                      

Айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Абдулазизовдун билдирүүсүнүн негизинде күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ   К Ы Л А Т:

1. А.Масалиев айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Дөбө СПАсына, “Эл аралык уюмдардын” колдоосу менен жаны офис куруп берүү үчүн 100 ч/метр жер аянтын ажыратып берүү айыл өкмөтүнө сунушталсын.

 

2.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

А.Масалиев айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

С. Абдурахмонов