Редакцияот 24.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЫЛАЙ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин (VII чакырылыштагы) кезексиз IV сессиясынын жыйынынын

 

2022-жылдын 24-марты № 6/4

 Жылкол айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-“Айылдык кеңештин компетенциясы жөнүндө” беренесинин, “Жергиликтүү бюджетти жана аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндөгү” Мыйзамынын 32-беренесинин 2 - “Тиешелүү аймактын социалдык-маданий инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизүү жөнүндөгү” бөлүмчөлөрүн жетекчиликке алып Ылай-Талаа айылдык Кеңеши

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Жылкол айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 2022-жылга каралган бюджетинин эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын өздүк салымдан төлөп берүү жагы Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы О.Мамасали кызына милдеттендирилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ылай-Талаа айылдык Кеңешинин социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, жаштардын иштери, спорт, миграция, туризм, инвестиция жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы Н.Айтбаев) тапшырылсын.

 

Ылай-Талаа айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кадамбаева