Редакцияот 15.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

КЫЗЫЛ-ЖЫЛДЫЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН  15-СЕССИЯСЫ

 

2019-жылдын 15-январы № 4-15-5

 

«Жер  фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө»

   «Кыргызмамжердолборлоо» жерге жайгаштыруу  институтунун  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз  айыл аймагынын жер фондусун  инвентаризациялоо материалдарын  карап чыгып,  Кыргыз Республикасынын  Жер Кодексинин 18-беренесинин жетектөөсүндө, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңеши токтом кылат:

1.Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-март айындагы   №8 буйругунун негизинде жумушчу топ тарабынан түзүлгөн «Жер фондусун  инвентаризациялоо жөнүндө Актысы» бекитилсин.

2.Бул токтом Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтү тарабынан бекитүүгө сунушталсын.

 

Төрага

Н.Бейшенкулов