Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 28-сентябры № 11

 

«Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

 

(Ош шаардык кеңешинин  2022-жылдын 10-февралындагы № 34, 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

Ош шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 7-сентябрындагы «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартибин бекитип берүү жөнүндөгү” № 08-6/1197 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын Турак жай Кодексине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Күрөө жөнүндө” мыйзамдарына ылайык,  Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк,  экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2021-жылдын 14-сентябрындагы №5 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:

1.“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо 1-тиркемеге, ипотекалык шартта турак-жай алуу жөнүндө анкета-арыздын типтүү формасы 2-тиркемеге, көп батирлүү турак үйдүн башка мүлкүн сатуу аукционуна катышуу жөнүндө типтүү формасы 3-тиркемеге, ипотекалык шартта турак-жай алуудан баш тартуу жөнүндө арыздын типтүү формасы 4-тиркемеге, көп батирлүү турак үйдүн башка мүлкүн сатуу аукционуна катышуудан баш тартуу жөнүндө типтүү формасы 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.Ош шаарынын мэриясына  (А.Мамбетов):

-“Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобонун аткарылышын камсыз кылуу;

-ипотекалык шартта батир бөлүп берүү жөнүндө Ош шаарынын мэриясына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасына келип түшкөн арыздардын негизинде тизме түзүүнү камсыздоо;

-ипотека шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды Ош шаарында турак-жай курулушун өнүктүрүүгө  жумшоо;

-ипотека шартында сатылган турак-жайлардан түшкөн каражаттарды банктар аркылуу өздөштүрүүнү кароо;

-жылдын жыйынтыгы боюнча токтомдун аткарылышы жөнүндө Ош шаардык Кеңешине маалымат берүү милдеттендирилсин.

3.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы “Ош шаарында ипотекалык кредиттөө шартында бөлүнүп берилүүчү турак-жайлар боюнча Жоболорду бекитүү жөнүндө” №230 жана 2016-жылдын 13-январындагы “Ош шаарында ипотекалык шартта батирлерди берүү боюнча иш жүргүзүүдө аткарыла турган иштин тартиби, орундатуу жолдору жана финансылык механизмдеринин параметрлерин бекитүү жөнүндө” №311 токтомдорунун талаптары бул токтомдон келип чыккан мамилелерге жайылтылбасын.

4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (У.Суеркулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Зайнидинов) жүктөлсүн.

 

ДепутаттардынОшшаардык Кеңешинин төрагасы

 

С.Назылбеков

 

 

 

 

 

Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын 28-сентябрындагы кезектеги III сессиясынын (V чакырылыш)

№11 токтомуна 1- тиркеме

 

 «Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүштүрүү тартиби жөнүндө» жобо

 

(Ош шаардык кеңешинин  2022-жылдын 10-февралындагы № 34, 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1.                  Жалпы жоболор

1.1. Бул жобо (мындан ары Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине,  Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө"  Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Муниципалдык менчик жөнүндө"  Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө" Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жайларды ипотекалык шартта сатуу аркылуу Ош шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарын турак-жай менен камсыз кылуу, турак-жай фондун жана шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

1.2. Ипотека чөйрөсүндөгү укуктук мамилелер Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын "Күрөө жөнүндө» Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

1.3. Бул Жобо ипотекалык шартта турак үйлөрдү бөлүштүрүү процессинин негизги талаптарын аныктайт жана бул процесстин алкагында бардык жарандар үчүн аткарууга милдеттүү болуп саналат.

1.4. Бул жобо Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган көп кабаттуу үйлөрдөгү башка мүлктөрдү сатуунун тартибин жана шарттарын дагы аныктайт.

1.5. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана / же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган турак-жай ушул Жобонун талаптарына ылайык бөлүштүрүлүүгө тийиш.

1.6.            Бул жободо төмөнкү негизги терминдер жана аныктамалар колдонулат:

а) Ипотека - кыймылсыз мүлккө мүлктүк укуктардын же башка мүлктүк укуктардын күрөөсүнө карата акчалай же акчалай милдеттенменин аткарылышын камсыздоо ыкмасы.

б) көп батирлүү турак үй - эки же андан көп батирлүү турак-жай имараты, ошондой эле көмөкчү жайлар (башка мүлк, жалпы зоналар).

в) көп кабаттуу үйдөгү батир - бир же бир нече бөлмөдөн турган көп кабаттуу үйдөгү жашоо аянты, ошондой эле жарандардын жашаган жерине байланыштуу муктаждыктарын канааттандырууга арналган көмөкчү жайлар (ашкана, ажаткана, жуунуучу бөлмө жана башка жайлар).

г) жеке үй - жарандардын жашоо шартына байланыштуу муктаждыктарын канааттандырууга арналган бир же бир нече бөлмөдөн, ошондой эле коммуналдык бөлмөлөрдөн (ашкана, ажаткана, ванна жана башка жайлар) турган турак-жай.

д) ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандарды каттоо китеби (каттоо китеби) - жарандардын арыздарынын реестри.

е) Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана / же Ош шаарынын мэриясынын балансында турган көп кабаттуу үйдөгү башка мүлк (мындан ары - башка мүлк) - натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган обөект, анын бир бөлүгү көп кабаттуу үйдүн же көп батирлүү үй менен байланышкан кыймылсыз мүлктүн обөектиси (жер алдындагы унаа токтотуучу жайлар, соода жайлары, кампалар, техникалык жайлар ж. б.).

ж) жер астындагы унаа токтотуучу жай - көп кабаттуу үйдүн натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган бөлүгү, транспорт каражаттарын сактоочу (токтотуучу) жер.

з) коммерциялык жайлар - натуралай бөлүнгөн көп кабаттуу үйдүн бир бөлүгү, өз алдынча пайдаланууга, коммерциялык ишти жүзөгө ашырууга арналган аянт.

и) кампа - көп батирлүү турак үйдүн бир бөлүгү, натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган, жеке буюмдарды сактоо үчүн аянтча.

к) Сатып алуучу-бул Жобонун талаптарына туура келген Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар

л) сатуучу - Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы.

м) Ипотекалык турак-жай жана башка мүлктү бөлүштүрүү боюнча комиссия (мындан ары-Комиссия) - Ош шаарынын мэриясынын токтому менен түзүлгөн турак-жай жана башка мүлктү бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн ыйгарым укуктуу орган.

н) (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык алынып салынды)

о) үй -бүлө - үй -бүлөлүк мамилелерди чыңдоого жана өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн никеге туруудан, тууганчылыктан, асырап алуучулуктан же балдарды тарбиялоонун башка түрүнөн келип чыккан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер менен байланышкан адамдардын чөйрөсү.

п) төлөө жөндөмдүүлүгү - сатып алуучунун батирди узартуу менен сатып алуу келишимин түзүүдөн келип чыккан финансылык милдеттенмелерди өз убагында жана толук аткаруу жөндөмдүүлүгү.

р) үчүнчү жактар ​​- ипотекалык укук мамилелеринин болочок субөекттери, аларга жүктөлгөн тийиштүү мамлекеттик функцияларды аткаруу үчүн ипотекалык процесске киришет. Бул Жобонун максаттары боюнча төмөндөгүлөр үчүнчү жактар боло алышат:

- Ош шаарынын муниципалдык менчигинин обөекттерин башкаруу жана тескөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;

- Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- Архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу аймактык орган;

- Өнөктөш-Банк;

- башка уюмдар.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

             

1.7. Турак-жай укуктарынын обьектилери деп Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан курулган жана/же Ош шаарынын мэриясынын же анын ыйгарым укуктуу органынын балансында турган көп батирлүү турак-жай жана анын башка мүлкү эсептелет. Аларга карата талаптар ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

1.8. Турак-жай укуктук мамилелеринин субөекттери деп ушул Жобонун талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары белгиленет.

 

2.                  Ош шаарынын мэриясы

2.1. Ош шаарынын мэриясы бул жобонун аткаруучусу болуп саналат.

2.2. Ош шаарынын мэриясы:

-  ушул Жобонун аткарылышы боюнча иш-чараларды ишке ашырат;

- ушул Жобонун алкагында турак-жай фондун өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштурат жана ишке ашырат;

- көп кабаттуу үйдүн курулушун камсыздоо жагынан Сатуучунун ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт;

- бюджеттик жана башка булактардан түшкөн акча каражаттарынын сарпталышына көзөмөл жүргүзөт;

- жарандарды каттоо жана документтерди жүргүзүү жаатында Сатуучунун ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт;

- сатып алуу - сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө тийиштүү маалыматты алгандан кийин 60 календардык күндүн ичинде турак-жайды же башка мүлктү Сатып алуучуга жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарат.

 

3. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы

 

3.1.            Ош шаарынын мэриясы бул Жобону уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды структуралык ыйгарым укуктуу органга тапшырып берүүгө укуктуу.

3.2.              Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы турак-жай жана/же башка мүлктү сатуучу тарап катары иш алып барат жана турак-жай жана/же башка мүлктү сатып алуучулар менен сатып алуу-сатуу келишимдерин түзөт.

3.3. Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы (мындан ары - Сатуучу):

- курулуш жумуштарынын буюртмачысы болуп, көп батирлүү турак-жай комплекстеринин курулушун уюштурат;

- ипотекалык шартта турак-жай алууга арыз берген жарандардын тизмесин түзөт жана тизме менен иш алып барат;

- көп батирлүү турак үйлөрдөгү батирлерди ипотекалык шартта жана башка мүлктү бөлүштүрүү комиссиясынын ишмердүүлүгүн камсыз кылат;

- башка мүлктү сатуу боюнча аукцион өткөрөт;

- башка мүлктүн жана турак-жайлардын ипотекалык шартта сатылуусу боюнча келишимдерин түзөт, жарандар тарабынан сатуу келишиминин шарттары бузулган учурда, түзүлгөн келишимдерди бузат;

- турак-жайды, башка мүлктү ипотекалык шартта сатуудан түшкөн каражаттарды эсепке алат жана кабыл алат;

- турак-жайды жана башка мүлктү ипотекалык шартта сатуу боюнча келишимдеги шарттардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камсыз кылат;

- сатып алуу-сатуу келишими боюнча милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө тийиштүү маалыматты алгандан кийин, Ош шаарынын мэриясына турак-жай же башка мүлктү Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгаруу боюнча сунуш киргизет жана мүлккө болгон укуктарды белгиленген тартипке ылайык өткөрүп берет;

- ушул Жобонун алкагында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка иштерди аткарат.

 

4. Ипотекалык мамилелердин негизги катышуучулары жана турак-жай алуучу жактардын категориялары

 

4.1.             Төмөндөгүлөр ипотекалык мамилелердин негизги катышуучулары болуп саналат:

- Ош шаарынын мэриясы;

- Сатуучу - Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;

- Сатып алуучу - акыркы 5 жылда Ош шаарында туруктуу жашаган жана тиешелүү каттоосу бар Кыргыз Республикасынын жөндөмдүү жарандары жана юридикалык жактар;

- Комиссия.

Ипотекалык укуктук мамилелердин мамлекеттик жөнгө салынуусун камсыз кылуу үчүн төмөндөгүлөр дагы катышуучу боло алышат:

- Ош шаарынын муниципалдык менчик обөекттерин башкаруу жана тескөө боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы  - бөлүп төлөө менен сатып-алуу келишиминин шарттары аткарылгандан кийин, муниципалдык менчикти баланска кабыл алуу жана Сатып алуучунун жеке менчигине өткөрүп берүү жаатында;

- Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттин ыйгарым укуктуу органы - кыймылсыз мүлктүн обөекттерин жана алардын укуктарын мамлекеттик каттоо жаатында;

- Архитектуранын жана курулуштун ыйгарым укуктуу аймактык органы - шаар курулушунун документтерин иштеп чыгуу бөлүгүндө;

- Архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу органы - курулуш нормаларынын жана эрежелеринин сакталышы боюнча мамлекеттик текшерүүнү жана көзөмөлдү камсыз кылуу жаатында;

- Өнөктөш-Банк - ипотекалык укуктук мамилелердин техникалык, финансылык жана маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр жаатында;

- башка уюмдар.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

Эскертүү: Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилде текстке дал келбейт, 4.1. пунктунун 3-пунктчасы көрсөтүлгөн эмес

4.2.             Ипотека шартында батир сатып алууга Кыргыз Республикасынын төмөндөгү белгиленген иш аракетке жөндөмдүү жарандары укуктуу:

1. 18 жаштан (арыз берилген учурга) 70 жашка чейин (акыркы төлөө суммасын төлөп берген учурга);

2. Төлөө жөндөмдүүлүгү жетиштүү;

3. Баштапкы төлөмдү төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар;

4. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын аймагында кыймылсыз мүлкү жок (үй, батир, жеке турак-жай куруу үчүн жер тилке жана коммерциялык жай). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;

5. Акыркы 60 айда Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында турак-жай боюнча эч кандай жарандык-укуктук бүтүмдөр болбогон (ижара жана курулушу башталбаган турак үйүн алуу жөнүндө үлүштүк курулушка катышуу келишимдеринен сырткары). Бул талап чогу жашаган үй -бүлө мүчөлөрүнө да тиешелүү;

6. Акыркы 36 ай Ош шаарында туруктуу жашаган жана тиешелүү каттоодо турган.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

4.3.            Ипотекалык шартта турак-жай сатып алуу максатында кайрылган жарандарга төмөндөгү талаптар жана шарттар милдеттүү болуп саналат жана ал шарттар турак-жай сатып алуу боюнча укуктук мамилелердин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет:

- Киреше булактарын тастыктаган шарттар жана сатылып алынган турак-жай үчүн белгилүү мөөнөттөрдө, белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын өз убагында төлөө мүмкүнчүлүгү;

- Ушул Жобо менен белгиленген өлчөмдөгү акча каражаттарын милдеттүү түрдө алдын-ала төлөө мүмкүнчүлүгү (бул банктык мекеменин эсебинде талап кылынган акчанын бар экендиги жөнүндө маалымкат же банк мекемесинин мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн эсеп көчүрмөсү менен тастыкталат).

4.3.1. Эгерде акыркы 1 жылдын ичинде арыз берүүчүнүн үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган болсо (ажырашса), анда арыз ээсинин арызын жана документтерин кароодо анын ажырашкан жубайынын/жолдошунун кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар же жоктугу жөнүндө маалымат текшерилет жана эске алынат. Эгерде арыз берүүчүнүн ажырашкан жубайынын/жолдошунун ушул Жобонун 4.2-пунктунун 4 жана/же 5-пунктчаларына ылайык кыймылсыз мүлкү жана/же бүтүмү бар болсо, анда бул арыз берүүчүнүн арызы жана документтери канааттандырууга жатпайт. Бул жаран үй-бүлөлүк абалы өзгөрүп, никеси бузулган күндөн тартып 2 жыл өткөндөн кийин кайра арыз менен кайрылуу укугуна ээ болот.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

4.4.            Жарандарга эреже катары ипотекалык шартта бир үй -бүлөгө бир гана турак-жай берилет.

4.5.            (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

5. Ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын тизмесин түзүү

5.1.             Ипотекалык шартта турак-жай алуу үчүн Ош шаарынын мэриясына кайрылган жарандарды каттоо Сатуучу тарабынан жүргүзүлөт.

5.2.             Ипотекалык шартта турак-жай алууга кайрылган жарандардын реестрине жарандарды каттоонун негизи болуп, ушул Жобонун талаптарына ылайык тиешелүү документтери тиркелген жарандардын арызы саналат.

5.3.             Ипотекалык шартта көп кабаттуу үйлөрдөн турак-жай алууга кайрылган жарандар төмөнкү документтерди тапшырышат:

- ипотекалык шартта турак-жай алуу үчүн тизмеге киргизүү боюнча Сатуучунун атына арыз;

- арыз берүүчүнүн паспортунун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтердин көчүрмөсү;

- кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кыймылсыз мүлкү (турак-жай жана жеке турак-жай куруу үчүн берилген жер) жоктугу жөнүндө маалымкаты - арыз ээси жана анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн;

- (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- жашаган жеринен (Кыргыз Республикасынын калкты каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын маалымдама кызматынан) жана үй-бүлөнүн курамы жөнүндө маалымкат;

- акыркы 12 айдагы киреше булактарын тастыктаган документтер (эмгек акы, ишкердик кирешеси, дыйканчылык, мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү, жерди пайдалануу ж.б.);

- (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

5.4.            Тиркелген документтери жок жарандардын арыздары тизмеге киргизүүгө жатпайт.

5.5.            Документтердин аныктыгы жана тууралыгына ал документтерди тапшырган жарандар, ошондой эле аларды берген уюмдар же кызмат адамдары жооптуу.

5.6.            Ипотекалык турак-жай алуу үчүн жаран мобилдик тиркеме аркылуу өтүнмө берет. Атайын программа жарандардын тиешелүү иш кагаздары толук болгон учурда жарандын арызы кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме берет. Бул жарандын арызынын кабыл алынгандыгын жана кезекке тургандыгын тастыктайт. Жаран автоматтык түрдө тизмеге кирет жана бул жөнүндө маалыматты Сатуучунун атайын электрондук сайтынан көрө алат

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

5.7.            (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.8.            (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.9.            (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.10.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.11.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.12.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.13.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.14.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.15.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.16.        Жарандар тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө актуалдуу деп таанылат, ал эми мындай мөөнөт белгиленбесе, документтер ушул документтер келип түшкөн жыл ичинде актуалдуу деп таанылат.

5.17.        Эгерде берилген документтердин жарамдуулук мөөнөтү бүткөн болсо, анда жарандар ипотека шартында турак-жай алуу үчүн кезеги келген учурда гана зарыл документтердин түп нускасын кайрадан тапшырууга милдеттүү.

5.18.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.19.   (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.20.        Арыздарды берген жарандар жашаган жери, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтарынын өзгөргөндүгү тууралуу Сатуучуга тез арада билдирүүгө милдеттүү. Эгерде жарандын арызын кароодо Сатуучу, байланыш маалыматынын өзгөргөнү тууралуу өз убагында билдирбегендиктен, жаран менен байланыша албаса, анда Комиссиянын чечими менен бул жаран каттоодон чыгарылат.

5.21.         Сатуучу тиешелүү жарандын арызын кароо жөнүндө маалыматты жарандарга өз убагында билдирүүгө милдеттүү. Жаранды кабардар кылуу үчүн Сатуучу буйрутма кат аркылуу билдирүү жөнөтөт, жарандардын арызында көрсөтүлгөн телефон номерлери менен байланышат жана кабарлоонун башка ыкмаларын колдонот. Мында, эгерде катышуучунун дарегине буйрутма кат жөнөтүлгөн болсо, же катышуучуга кабарлоо үчүн жасалган аракеттер жөнүндө Сатуучунун ыйгарым укуктуу кызматкери кол койсо, анда билдирмелер тийиштүү түрдө аткарылды деп эсептелет. Түзүлгөн актылар жаранды тизмеден чыгаруу жөнүндө маселени кароого берүү үчүн негиз болуп саналат.

5.22.        Жарандар Комиссиянын чечими менен каттоодон чыгарылат.

5.23.        Эгерде Комиссия турак-жай берүүдөн баш тартса, жаран тизмеден чыгарылат, бирок кайра кайрылуу укугун жоготпой сактап калат

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

5.24.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.25.        (Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5.26.        Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган кезекке каттоого же кезектен алууга байланыштуу маселелер Комиссия тарабынан добуш берүү жолу менен чечилет. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган кезекке каттоого же кезектен чыгарууга байланыштуу Комиссиянын чечимдери ушул Жобонун алкагында бардык катышуучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга жатат.

 

6.                  Ипотека шартында турак-жай берүүнүн тартиби жана шарттары

6.1.            Турак-жай жарандарга ушул Жобонун алкагында  ипотекалык шартта, кезек боюнча берилет.

6.2.            Жарандарга ипотека шартында турак-жай Комиссиянын чечиминин негизинде гана берилет.

Ошол эле учурда:

- ипотекалык турак-жай башка милдеттенмелерди камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлбаган, ар кандай чектөөлөрдөн эркин болушу шарт;

- ипотекалык шартта берилген турак-жай максаттуу пайдаланылышы керек;

- турак-жайды ижарага берүүгө же башкаларга берүүгө тыюу салынат.

6.3.            Кезектүүлүк жарандардан түшкөн арыз катталган күн менен аныкталат.

6.4.            Ипотекалык шартта турак-жай сатып алууга кайрылган жарандардын тизмеси төмөнкүчө түзүлөт:

1. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык шартта кезексиз турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.

2. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ипотекалык шартта биринчи кезекте турак-жай алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.

3. Акыркы 36 айда каттоосу Ош шаарында болгон, Кыргыз Республикасынын арыз берген жарандары.

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

6.5.            Ипотека шартында турак-жай менен камсыз кылуу процесси төмөнкү этаптардан турат:

1. Арыздарды жана аларга тиркелген документтерди кабыл алуу.

2. Берилген документтердин толуктугун жана тууралыгын/ылайыктуулугун текшерүү жана арызды каттоо.

3.Турак-жай бөлүштүрүүнүн алдында арыз ээсинин каржылык абалына жана төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө талдоо жүргүзүү.

4.Комиссия тарабынан арызды кароо.

5.Арыз Комиссия тарабынан жактырылган учурда, арыз ээси тарабынан алгачкы төлөмдү төлөө.

5.1. Чүчү кулак өткөрүү

6.Батирди узартуу менен сатып алуу келишимин түзүү.

7.Арыз ээсин турак-жайга жайгаштыруу.

8. Ай сайынкы төлөмдөрдү төлөө.

9. Келишим боюнча бардык милдеттенмелер аткарылгандан кийин, арыз ээсине менчик укугун өткөрүп берүү.

 

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

6.5.1. комиссиянын батир бөлүү жөнүндө чечими кабыл алынгандан кийин батир алмаштырууга уруксат берилбейт

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

6.6. Ипотекалык турак-жайды сатып алуучу жаран турак-жайдын наркынын бир бөлүгүн өз эсебинен төлөп берүүгө милдеттүү (алдын ала төлөм). Келишим белгиленген тартипте каттоодон өткөндөн кийин, Сатып алуучу турак-жайды пайдалануу укугун алат.

6.7. Турак-жайга кирүү өткөрүп берүү актысынын негизинде жүзөгө ашырылат. Өткөрүп берүү актысы түзүлгөн учурдан тартып, турак-жай кокусунан жок болушу же кокусунан бузулушу тобокели Сатып алуучуга жүктөлөт

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

6.8. Ипотека шартында берилген турак-жай Сатып алуучунун милдеттенмелеринин аткарылышына кепилдик (күрөө) катары кызмат кылат.

6.9. Кабаттын жана турак-жайдын номери чүчү кулак алуу жолу менен аныкталат.

 

7.                  Көп батирлүү үйдөгү башка мүлктү сатуунун тартиби жана шарттары

7.1.               Көп батирлүү үйдөгү натуралай бөлүнгөн, өз алдынча пайдаланууга арналган башка мүлк, көп кабаттуу үйдүн курамына кирген обьект же көп кабаттуу үйгө байланыштуу мүлк Комиссиянын чечими менен аукцион өткөрүү жолу аркылуу сатылат .

7.2.            Көп батирлүү үйдөгү төмөндөгүлөр менен гана чектелбеген башка мүлк:

7.2.1. Жер астындагы унаа токтотуучу жай - бул көп кабаттуу турак-үйдүн жер төлөөсүндөгү унаа токтотууга арналган атайын түзүлүш. Жер астындагы унаа токтотуучу жай жеке жана юридикалык жактарга аукцион аркылуу сатылууга тийиш.

7.2.2. Коммерциялык жайлар - бул коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн багытталган көп кабаттуу үйдүн турак эмес жайлары. Коммерциялык жайлар аукцион аркылуу жеке жана юридикалык жактарга сатылат.

7.3.            Эксплуатацияга берилгенден кийин же башка мүлктү куруу этабында, сатылган учурда, Сатуучу Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык электрондук форматта аукцион өткөрөт.

7.4.    Аукционго жеке жана юридикалык жактар ​​катыша алышат.

7.5.    Аукционду өткөрүү Сатуучуга тапшырылат. Жыйынтыктары Комиссия тарабынан бекитилет.

7.6.            Аукцион электрондук форматта өткөрүлөт.

7.7.            Аукциондун жыйынтыгы Комиссиянын протоколунда бекитилет/таризделет. Аукционду өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча протокол Ош шаарынын мэриясына аукциондун жеңүүчүсүнө башка мүлктү өткөрүп берүү жөнүндө токтом чыгарууга негиз болуп саналат.

7.8.            Жеңүүчүгө башка мүлк анын наркы толук төлөнгөндөн кийин гана берилет. Аукциондун жеңүүчүсү келишим түзүлгөн күндөн тартып 10 банктык күндүн ичинде башка мүлктүн толук баасын төлөөнү кечиктирген учурда, Сатуучу Сатуу-сатып алуу келишимин бузат жана тиешелүү башка мүлктү кайра сатууга коет.

7.9.            Ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти электрондук форматта сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынбаган аукционго байланыштуу маселелер Комиссия тарабынан добуш берүү жолу менен чечилет. Комиссиянын аукционду өткөрүүгө байланыштуу болгон, бул Жобо жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчикти электрондук форматта сатуу чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынбаган чечимдер, ушул Жобонун алкагында бардык катышуучулар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.

 

8.                  Финансылык параметрлер

8.1.            Турак-жай сатуунун финансылык параметрлери:

8.1.1.      Баштапкы төлөм – турак-жайдын наркынын кеминде 20 пайызын түзөт

(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 114 токтомунун редакциясына ылайык)

 

8.1.2.      Бөлүп төлөө үчүн кошумча төлөм: