Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  XXVI сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 108

“ Ак-Жар айыл тургуну К.Уметовдун арызы жөнүндө”

Ак-Жар айылдык  Кеңеши  Ак-Жар айыл тургуну   К.Уметовдун  совхоз  мезгилиндеги  курулуш  цехин  менчиктештирип,  (0,81 га  гос акт  4  № 597150)  бирок  кийинки  мезгилде   үй  салууга  уруксат  ала  албай  жүргөн жагдайларды  эске  алып                                                       

Токтом  кылат:

1.    Ак-Жар айылынын  тургуну  К.Уметовго  өзү  менчиктештирген  курулуш  цехинин  ээлеген  (0,81га)  аянтынан  ынгайлуу  жерге  өзүнө  караштуу  адамдарга  үй  куруу  үчүн  0,30 га  ( 0,10 х 3) кайрак  жерге   уруксат   берүү  жагы     айыл  өкмөтүнө  сунушталсын.

 

2.    Айыл өкмөтүнүн Ак-Жар  айылынын  ген   планына  ушуга  ылайык  өзгөртүү  киргизүү жагы  айыл  өкмөтүнүн  жер, турак-жай ,  комуналдык  менчик  боюнча  адиси  Б.Кыдыргычовго  милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  айылдык  кеңештин  “ Социалдык  маселелер боюнча”  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Тургунбаев