Редакцияот 28.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  XXVI сессиясы

 

2020-жылдын 28-декабры № 112

 “Айыл өкмөтүндө “Ак-Жар Тазалык муниципалдык ишканасын” уюштуруу  жөнүндө”

Ак-Жар айылдык   Кенеши айылдардын санитардык  тазалык иштерин жөнгө салуу максатында

Токтом кылат:

 

1.    Ак-Жар  айыл  өкмөтүнүн алдында жаңы    “Ак-Жар  Тазалык   муниципалдык  ишканасын” түзүү жөнүндө сунушу айылдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.  

 

2.    Ак-Жар Тазалык  муниципалдык  ишканасынын  карамагына  эл  жашаган  пункттардан   мыйзамдуу   аралыгы  сакталган жер  аянты  2 га  жер  аянты  Катыранкы  участкасынан  жана   1 га  жер  аянты  Большевик  айылынын Семиз-Көлгө   кеткен  жолдун сол  тарабынан,   совхоз  мезгилиндеги  морчонун  үстүнөн,  айыл чарбасына ыңгайсыз жерден, жалпысы  3 га  жер  аянты  бөлүнүп  берилсин .

 

3.    Муниципалдык мекеме түзүү, уставын бекитип, каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго тапшырылсын

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Максутовго милдеттендирилсин

 

5.    Токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Тургунбаев