Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  XXVII сессиясы

 

2021-жылдын 9-марты № 118

«Ак-Жар айылынын  жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”

Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын  көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2021-жылдын 18-январындагы Ак-Жар  айылынын көчө жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколунун негизинде

Токтом кылат

1.    Ак-Жар айылынын жаңы түшкөн көчөсүнө көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде Ак-Жар айыл тургуну ардагер мугалим Мамадразаков Барктабастын наамы берилсин. Мындан  ары ал көчө “ Мамадразаков Барктабас атындагы көчө” деп аталсын.

 

2.    Мамадразаков Барктабастын балдарына, тууган уруктарына, көчө жашоочуларына номер берип, көрсөтмө такталарын илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу маселелери сунуш кылынсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Тургунбаев