Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  XXVII сессиясы

 

2021-жылдын 9-марты № 119

 «Ак-Жар айылынын  жаңы көчөсүнө наам берүү жөнүндө”

Ак-Жар айылдык Кеңеши татыктуу инсандардын наамын  көчөлөргө берүүнү дайыма колдоп келет. Ушул максатта 2020-жылдын 20-октябрындагы  жалпы чогулушунун протоколунун негизинде

Токтом кылат

1.    Ак-Жар айылынын жаңы түшкөн көчөсүнө көчө жашоочуларынын жогорудагы протоколунун негизинде жаштарды коомдук иштерге  уюштуруудагы көрүнүктүү саамалыктары  эске алынып Ак-Жар айыл тургуну коомдук  активист Чоголов Сагындыктын наамы берилсин. Мындан  ары ал көчө “ Чоголов Сагындук атындагы көчө” деп аталсын.

 

2.    Чоголов Сагындыктын балдарына, тууган уруктарына, көчө жашоочуларына номер берип, көрсөтмө такталарын илүү жана көчөнүн шарттарын жакшыртуу ( шагыл, труба)  маселелерин уюштуруу сунуш кылынсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “ Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына тапшырылсын.

 

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Тургунбаев