Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын  XXVII сессиясы

 

2021-жылдын 9-марты № 121

  «Ак-Жар айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты  Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке  «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу»  наамын  берүү жөнүндө»                                                                           

Ак-Жар айылдык Кеңеши айыл өкмөтүнүн алдыңкы адамдарына урмат, сый көрсөтүү, даңктоо иштерин жүргүзүүнү  планына киргизген. Ушул максатта Ак-Жар айылынын 2021-жылдын

19-февралындагы жалпы жашоочуларынын чогулушунун протоколунун жана Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты катары элдин социалдык маселелерин чечүүдөгү демилгелүү эмгегин баалап, талкуулап чыгып,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар  айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке Ак-Жар  айылынын жалпы жашоочуларынын бир добуштан «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө  токтому бекитилсин.

2.    «Мамадразаков Мүрөк Барктабасович Ак-Жар айыл өкмөтүнүн  ардактуу атуулу»    деп аталсын.

 

3.    Большевик  айыл тургуну, Мамадразаков Мүрөк Барктабасовичке «Ак-Жар айыл өкмөтүнүн  ардактуу атуулу» деген эстелик белги тактасы тапшырылсын.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн  башчысы К.Максутовго жүктөлсүн.

 

Ак-Жар айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

Б. Тургунбаев