Редакцияот 30.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 30-марты № 201

Дөң-Булак айыл аймагындагы муниципалдык “Ак-Ниет” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 3-5 жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылып мектеп пайдаланган имаратты толугу менен ажыратып берүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл аймагындагы муниципалдык “Ак-Ниет” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 3-5 жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылып, мектеп пайдаланган имаратты толугу менен ажыратып берүүгө уруксат берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Дөң-Булак айыл аймагындагы муниципалдык “Ак-Ниет” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин базасында 3-5 жаштагы балдарды кыска мөөнөттүү 3 сааттык эки тайпага ылайыкташтырылган 2 бөлмөнү ажыратууга уруксат берүүгө макулдук берилсин.

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Дөн-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

П.А.Эсеналиев