Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 19-октябры № 13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резервин түзүү жөнүндө

Дөң-Булак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резервин түзүү үчүн шайлоочулардын жыйындарынын протоколдорун карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңешинин “Улуттук уюштуруу маселелери, аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттары менен иштөө” боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде токтом кыламын:

 

1.    Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого карата Дөң-Булак айыл аймагында жашаган  №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резерви  түзүлсүн. (тизме тиркелет)

 

2.    Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Мыйзамдын 19-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан №5090 Өзгөрүш участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлердин резерви Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын кароосуна жөнөтүлсүн.

 

Дөн-Булак айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

И. Жусупов