Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

 

2021-жылдын 30-май № 5

Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылга  иш планын  бекитүү  жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Куршаб айылдык кеңешинин  2021-жылга  иш планын  бекитүү  жөнүндө маселени айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын иш планынын негизинде  алдын ала карап,  талкуулап чыгып  Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  III - кезексиз  сессиясы               

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Куршаб айылдык кеңешинин  2021-жылга  иш планы атайын тиркемеге ылайык  бектилсин.(тиркеме тиркелет)

 

 2. Бекитилген Куршаб айылдык кеңешинин 2021-жылга иш планын өз мөөнөтүндө аткаруу жагы Куршаб айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына  жүктөлсүн.

 

Куршаб айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Жумаев Б.Э.