Редакцияот 30.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

 

2021-жылдын 30-июлу № 8

 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө.

            Куршаб айылдык  Кеңешинин  турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу  боюнча туруктуу комиссиясы КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык,   жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени    алдын ала карап, Куршаб  айылдык    Кеңешинин (жетинчи  шайланган)  III  кезексиз  сессиясынын күн тартибиндеги   маселени угуп, талкуулап чыгып Куршаб айылдык кеңеши                  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.    Дөдөнов Полотбектин менчигинде турган  коду № 5-06-11-1001-3856  контора багытындагы жер участкасын  турак жай куруу багытына өзгөртүүгө жана  мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин. 

 

2.    Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын  негизинде  тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.

 

3.    Керектүү  иш кагаздарын, документтерин  даярдап берүү  жагы тийиштүү  мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.

 

4.    Бул токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Куршаб айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Жумаев Б.Э.