Редакцияот 10.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын I сессиясы

 

2022-жылдын 10-февралы № 1/2

Учкун айылдык Кеңешинин депутаты Б. Кайыповдун айылдык Кеңештин сессиясына кийриген сунушун талкуулоо жөнүндө.

  Кун тартибиндеги маселе :

  Учкун айылдык Кеңешинин депутаты Б. Кайыповдун 07.02.2022 –жыл Учкун айылдык Кеңешине берген сунушун талкуулоо тууралуу.

  Кун тартибиндеги  маселени угуп жана талкуулап, Учкун айылдык Кенешинин сессиясы

т о к т о м  к ы л а т :

  1.К. Р. нын “ Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө “ Мыйзамынын 10 –беренесинин 2 –абзацынын 2 – жана 4 –пункттарын жетекчиликке алуу менен айыл аймагынын  бюджетин бекитүү жөнүндөгү токтомго , Бюджеттик Кодекстин 125 –беренесинин 4 –бөлүгүнө жана 126, 127 –беренелерине ылайык :

а)Кезектеги жылга жактырылган бюджеттин долбоору

б)Айыл аймагынын бекитилген бюджети

в)Боюджеттин аткарылышы жөнүндөгү жылдык отчёт

г)Бюджеттин  аткарылышы жөнүндөгү ар бир айлыктын отчёту

Учкун айыл айыл өкмөтүнө аткаруучу орган катары - бекитилип, жактырылгандан кийин 15 календарлык күндүн ичинде расмий сайтка, Куланак жана Учкун айылдарынын маалымат такталарына жайгаштырып туруу жагы милдеттендирилсин.

2.Айыл аймактын жарандык бюджети КР Өкмөтүнүн  05. 10 2017 –жыл № 653 Токтомуна жана методикага ылайык веб –багытталган тиркемеге, Куланак жана Учкун айылдарынын маалымат такталарына бекитилгенден ( жактырылгандан ) кийин 15 күн ичинде жайгаштырылсын.

3.Айыл аймактын бюджеттик айкындуулугунун муниципалдык индекси жарандардын демилгечи топтору (коммеррциялык эмес уюмдар )  тарабынан  бааланып жана аныкталып, коомдук баалонун натыйжалары расмий сайтка  жайгаштырылып, айыл аймактын бюджетинин айкындуулугунун өсүшүн камсыз кылуу үчүн айыл өкмөт жана айылдык Кеңеш тарабынан эске алынсын.

 

Учкун айылдык

Кеӊешинин төрагасы

                                                                                              Ж. Осмоналиев