Редакцияот 06.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

УЧКУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Учкун кеңешинин ХХХI чакырылышынын II сессиясы

 

2022-жылдын 6-апрели № 2/5                                        

Учкун айыл аймагынындагы бала бакчалардын ата-энелери тарабынан тамак ашка чогулткан взносторуна байланышкан маселе жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселе:

 Учкун айыл өкмөтүнүн аймагындагы “ Таңгабийке – Бердике “, “ Раушан – Учкун” бала бакчаларынын ата –энелер тарабынан тамак ашка чогулта турган суммасына өзгөртүү киргизүү тууралуу.

 

Күн тартибиндеги маселени талкуулап, Учкун айылдык Кеңешинин сессиясы

т о к т о м  к ы л а т :

 

1.Учкун айылындагы “ Раушан – Учкун “ бала бакчасында тарбияланып жаткан балдардын ата – энелеринен тамак аш үчүн чогултулуп келген 500 сом, ата – энелер чогулушунун макулдугунун негизинде 600 сом болуп бекитилсин.

 

2. Куланак айылындагы “ Таңгабийке – Бердике “бала бакчасынын да ата – энелер взносу  өз макулдуктарынын негизинде 600 сом болуп бекитилсин.

 

 

Учкун айылдык

Кеӊешинин төрагасы

                                                                                              А. Тостоков