Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 5-июлу № 3/2

 «Сопу-Коргон-Тазалык»  муниципалдык ишканасы жөнүндө

К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасын ордунда калтыруу боюнча  К.Белекбаев атындагы Алай айылдык кеңешинин башчысы А.Куловдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

К.Белекбаев атындагы Алай  Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. К.Белекбаев атындагы Алай айыл өкмөтүндө калктын саны жогору болгондугуна байланыштуу калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы калтырылсын.

2. Ишмердүүлүгүн «Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасы жөнүндө Жобого ылайык жүргүзүү Кадыров Таалайбекке милдеттендирилсин.

3.«Сопу-Коргон-Тазалык» муниципалдык ишканасынын  ишмердигин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго тапшырылсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

 

Л. Койчиев