Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 5-июлу № 3/5

  Көлдүк айылына таза-суу түтүгүн тартуу жөнүндө

Көлдүк  айылында 2021-жылдын 28-июнунда уюшулган №01 элдик жыйындын протоколунун негизинде Көлдүк айылына кошумча таза-суу түтүгүн тартуу максатында Көлдүк айылынын айыл башчысы Т.Жумабаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

К.Белекбаев атындагы Алай  Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көлдүк айылына Көлдүк жайлоосунун Кара-Жылга участкасынын Алыштын башынан 9 км аралыкка таза-суу түтүгүн тартуу боюнча уруксат берилсин.

2.Кара-Жылга участкасынын чатынан айыл арасына чейинки 9 км аралыкты изилдөө менен тешелүү мамлекеттик органдардан корутундулар алынсын.

3.Таза-Суу тартуу иштерин жандантып тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл башчы Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

 

Л. Койчиев