Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 5-июлу № 3/5

Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин техникаларынын ишмердүүлүгү  жөнүндө

Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы К.Газиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

К.Белекбаев атындагы Алай  Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жайыт комитетинин төрагасы К.Газиевдин маалыматы эске алынсын жана ишин жандантсын.

2. Авто погрузчиктин айдоочусу К.Ариновдун иши канаттандыраарлык эмес деп, баалансын.

3.Хово автосамосовалынын айдоочусу М.Закирбаевдин иши канаттандыраарлык деп белгиленсин.

4. Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген атайын техникаларды мыйзам чегинде атайын кабыл алынган эрежелер жана техниклык коопсуздук талаптарына ылайык  иштешин көзөмөлдөө жагы Сопу-Коргон жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Газиевге жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

Л. Койчиев