Редакцияот 22.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

К.БЕЛЕКБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

К.Белекбаев атындагы Алай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII сессиясы

2021-жылдын 22-сентябры № 7/7

 Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына  таза-суу түтүгүн тартуу жөнүндө

Чий-Талаа айылында 2021-жылдын 15-августунда уюшулган №01 элдик жыйындын протоколунун негизинде Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына таза-суу түтүгүн тартуу максатында Чий-Талаа айылынын айыл башчысы Б.Шанаевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап,

К.Белекбаев атындагы Алай  Айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чий-Талаа айылынын Кызыл-Кыштоо участкасына Ыргайлуу жайлоосунан 3,5 км аралыкка таза-суу түтүгүн тартуу боюнча уруксат берилсин.

2.Ыргайлуу жайлоосунан айыл арасына чейинки 3,5 км аралыкты изилдөө менен тешелүү мамлекеттик органдардан корутундулар алынсын.

3.Таза-Суу тартуу иштерин жандантып тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдоо жагы айыл башчы Б.Шанаевге милдеттендирилсин.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Куловго жүктөлсүн.

 

К.Белекбаев атындагы Алай

айылдык кеңешинин тѳрагасы:

 

Л. Койчиев