Редакцияот 18.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

2020--жылдын 18-ноябры № 28/126

 Жазы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9-айдын жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн акчаларды сарптоо жөнүндө

Жазы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 9-айдын жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн акчаларды сарптоо жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши

Т О К Т О М   К Ы Л А Т

Жазы айыл өкмөтү боюнча  2020- жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен

- бала бакчалардын “Тамак-аш” сатып алуудан үнөмдөлгөн 2218 статьясынан 650,0 миң сом

- Шагыл төгүүдөн үнөмдөлгөн 2221 статьясынан 250,0миң сом

- Жазы айылынын спорт залынан үнөмдөлгөн 3111 статьясынан 820,0 миң сом, жалпы 1720,0миң сом төмөндөгү  статьяларга жылдырылсын.

-Кызыл-Дыйкан айылынын асфальтынын карызына 3111 статьясына 550,0миң сом

-Кары-картаңдарга жана жарды үй бүлөлөргө көмүргө 2721 статьясына 100,0 миң сом

-Кара-Дыйкан айылына шагылга 60 рейс 2221 статьясына 120,0 миң сом

-Пандемияга, алдын алуу иштерине 2215 статьясына 300,0 миң сом

-Жазы айылынын спорт залына 3111 статьясына 60,0миң сом

-Эл.энергияга 2231 статьясына 120,0 миң сом

-Т.Ташмаматов орто мектебинин от казанына 2221 статьясына 60,0 миң сом

-Ж.Абдрасулов орто мектебинин от казанына 2221 статьясына 60,0 миң сом

-Компьютер комплект 1 даана 3112 статьясына 30,0 миң сом

-АДКга принтер алып берүүгө 3112 статьясынан 20,0миң сом

-Жыйындар залынан жана депутаттык кабинеттин эшиктерине, терезелерине 1 даана кондиционерге 3112 статьясына 200,0миң сом

-Жээренчи айылына шагыл 2221 статьясына 100,0 миң сом

2.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

С. Акматов