Редакцияот 26.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXXVIII сессиясы

 

2020-жылдын 26-декабры № 29/128

 Жазы айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык Кз коэффициентинин  өлчөмүн же жер салыгынын коэффициентинин базалык өлчөмү жөнүндө

           Жазы айыл өкмөтүнүн экономикалык пландоо аймагын аймактык Кз коэффициентинин  өлчөмүн же жер салыгынын коэффициентинин базалык өлчөмүн жогорулатуу боюнча айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси М.Азимованын маалыматын угуп жана талкуулап   Жазы айылдык Кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.    Жазы айыл өкмөтүнүн  аймагында айыл чарбалык эмес жер салыгынын Кз зоналдык  коэффициенти 2021-жылдын 1-январынан баштап 1,2  өлчөмүндө бекитилсин .

2.    Токтомдун аткарылышы Жазы айыл өкмөтүн ФЭБ башчысына  жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага

С. Акматов