Редакцияот 13.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

 

2021-жылдын 13-февралы № 30/132

 Жэееренчи айылынын жашоочуларынын кайрак жерине кароол алуу жөнүндө

Жээренчи айылынын жашоочуларынын  кайрак жерлерине  эгилген эгиндерди   малдардын талкалап жеп кетүүсүнөн  сактоо боюнча кароол алуу жөнүндө  элдик жыйынынын  протоколу менен таанышып жана талкуулап  Жазы айылдык кеңеши

Т О К Т О М  К Ы Л А Т

1.    Жазгы талаа иштерин уюштуруу, адырдагы кайракы жерлерге кароолдорду коюу Жээренчи айылынын айыл башчысы А.Апазовго жүктөлсүн.

2.    Кароолчулардын эмгек акысы  Жээренчи айылынын жашоочулары тарабынан уюштурулуп төлөнүп берилсин.

3.    Эгин талааларын  мал талкалап кеткен учурлар катталса  айыл өкмөтүндөгү “Бузуулар” боюнча комиссия  менен биргеликте иш жүргүзулсүн.

4.    Ушул токтомду бекитип берүү  Жазы айылдык кеңешинен суралсын.

 

 

Төрага

Ж. Акматов