Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы

 

2021-жылдын 19-февралы № 151

Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылына  шайлоо участкасын ачуу жөнүндө

Кош-Этер айылына шайлоо участкасын ачуу жөнүндөгү Кош-Этер айылынын элдик жыйынынын 2021-жылдын 11-февралындагы  протоколун карап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Салам-Алик айылдык Кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги жыйырма сегизинчи сессиясы 

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.  Кош-Этер айылынын тургундарынын 2021-жылдын 11-февралындагы элдик жыйынынын токтомуна ылайык Кош-Этер айылынынын борборунда жайгашкан  клубка  шайлоо участкасын ачууга каршы эместиги эске алынсын.

 

2. Кош-Этер айылынын Т.Маткеримов, Үркүнбай уулу Бакыш, О.Досматов, Олжобай көчөлөрүндөгү жашоочулар биригип, айылдын борбордук клубуна шайлоо участкасын ачуу  Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

3.  Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Салам-Алик айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Таштемиров