Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы

 

2021-жылдын 19-февралы № 157

Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркынын постунан акысыз өтүү боюнча

     «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана Салам-Алик айылдык кеңешинин депутаты Таштемиров Арстандын сунушун  угуп Салам-Алик айыл Кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Кара-Шоро мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга өткөн Салам-Алик айыл аймагынын тургундары көзөмөлдөөчү-каттоочу посттон акысыз өткөрүүнү аталган мекемеге сунуш кылынсын.

2.  Парктын айланасына жергиликтүү тургундарды акысыз өткөрүүнүн жобосун жана келишимин иштеп чыгуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу коммиссиясына милдеттендирилсин.

4.Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Таштемиров