Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXVIII-сессиясы

 

2021-жылдын 19-февралы № 161

 Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ара-Көл  айылындагы ички жолду жана машина  өтүүчү көпүрөнү мамлекеттин балансына  алуу жөнүндө

    «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана депутаттардын сунушун карап Салам -Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн Ара-Көл  айылындагы ички жолду жана машина  өтүүчү көпүрөнү мамлекеттик № 5-Жол тейлөө мекемесинин балансына өткөрүүнү тиешелүү министрликке сунуштоо жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.  

                                                     

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, суу, өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Салам-Алик айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А.Таштемиров