Редакцияот 12.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 7-июлу № 3/5

 Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин   2021- жылдын III кварталынын атайын каражат бөлүгүнүн бекитилген  планынын чыгаша бөлүгүнө   өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 ”К.Р  бюджеттик  кодексинин” 115-беренесине  таянып,   Айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбектин 12.07.2021-жылдагы билдирүүсүн  угуп жана талкуулап , Ленин айылдык Кеңеши токтом кылат:

1.”К.Р  бюджеттик  кодексинин” 115-беренесине  таянып , Ленин  айыл  өкмөтүнүн       2021-жылдагы бекитилген   бюджетинин айрым беренелериндеги  пайдаланылбай  калган акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыгына ылайык III кварталга карата төмөндөгү керектелүүчү беренелерге    жылдырылып иштетилсин.

                                                             

                                                      Чыгаша  бөлүгү:

 

Раздел

Мекемелер

Статья

Көбөйтүлсүн (миң сом)

Азайтылсын (миң сом)

70911

Бала бакча

2221

 

-79,5

70911

Бала бакча

3112

79,5

 

              Жыйынтыгы:

79,5

 

-79,5

 

2.2021-жылдын III кварталынын бекитилген сметасынын каражат бөлүгүнүн чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүүгө уруксат берүү жагы Финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын..

 

3.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановко жана  финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Мамановко тапшырылсын.     

 

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Байышбек уулу Урматбекке  жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Субановго  милдеттендирилсин.

 

Төрага

Орозали уулу Т.