Редакцияот 05.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы

 

2021-жылдын 5-февралы № 192                                                                                    

 Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү  жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасын кароо жөнүндө

Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасын аткарууга алуу максатында жана Дөң- Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылында жашап жаткан бабаштар жана моңолдор эки уруусунун айылдын атын өзгөртүү жөнүндөгү маселесин угуп жана талкуулап, Дөң- Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Өзгөн райондук прокуратурасынын 2021-жылдын 15-январындагы “Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндөгү” №11-104-21 сандуу сунуштамасы аткарууга алынсын.

2.    Ош облустук Юстиция башкармалыгынын 2021-жылдын 22-январындагы №16 сандуу каттын негинде Бабаш уулу айылы каттоодо болбогондугунун жана Ош областык мамлекеттик статистика башкармалыгынын 2021-жылдын 28- январындагы “Кыргыз Республикасынын 1993-ж. Администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин обьектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификаторунда Дөң-Булак айыл аймагында жайгашкан Бабаш уулу (41706255817020) айылы бар” деп көрсөтүлгөн №03-2/21 сандуу катынын негизинде, ошондой эле айылдын эки тарап тең келише албагандыгына байланыштуу жогорку органдарга кайрылуусу сунушталсын.                                                                                                                 

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы укук коргоо боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев