Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы

 

2021-жылдын 24-февралы № 197                                                                                    

 Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык,  жайыт комитетинин бюджетин, айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдардын баасын  бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети жана иш-планы бекитилсин.

2.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шартуу малдардын баасы:

Бодо мал – 100 сом;

Торпок    - 70 сом;

Жылкы    - 100 сом;

Кой-эчки  - 20 сом;

Бал челек  - 20 сомдон бекитилсин.

 

3.    Жайыт комитетинин менчигинде турган ДЕWO Matiz мам. №06 kg 553-АЕТ   номерлүү автоунаасы кызматтык автоунаа катары колдонууга берилсин.

4.    Жайыт комитети менен жайыт пайдалануучулардын ортосундагы 2020-жылы түзүлгөн келишимдин талаптарын аткарбаган жана жайыт акыны төлөбөгөн жаайыт пайдалануучуларга жайыт аянты бөлүнүп берилбесин.

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев