Редакцияот 30.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXIX- сессиясы

 

2021-жылдын 30-марты № 199 

 Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Дөң-Булак Тазалык ишканасынын тазалыкты  сактоо максатында топтолгон төлөмү айыл өкмөтүнүн киреше эсебине (ст.14224200) түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак Тазалык ишканасынын тазалыкты сактоо максатында топтолгон төлөмү айыл өкмөтүнүн киреше эсебине түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 122,0 миң сом каралып, Дөң-Булак Тазалык ишканасына которулуп, аткарууга алынсын.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев