Редакцияот 10.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы

 

2020-жылдын 10-сентябры № 156

 Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы, Дөң-Булак Тазалык ишканасынын тазалыкты сактоо максатында топтолгон төлөмү айыл өкмөтүнүн киреше эсебине (ст. 14224200) түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши  

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

1.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак Тазалык ишканасынын тазалыкты сактоо максатында топтолгон төлөмгө айыл өкмөтүнүн киреше эсебине түшкөн каражатын Дөң-Булак Тазалык ишканасына которуп берүү үчүн айыл чарба бөлүмүнүн 22154900 беренесинен 22,2 миң сом каралып, “Дөң-Булак тазалык” ишканасына которулуп, аткарууга алынсын/ 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев