Редакцияот 10.09.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Дөң-Булак айылдык кеңешинин VI чакырылыштагы XXXVI- сессиясы

 

2020-жылдын 10-сентябры № 166

 Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2020-жылга карата бекитилген планынын лимитин кошуу жөнүндө

Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2020-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, Кыргыз Республикасынын Каржы министирлигинен кошумча план берүү жагы суралсын жана Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну №78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши

 

Т О К Т О М     К Ы Л А Т

1.    Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетине 2020-жылга карата бекитилген пландын лимити кошумча лимитти талап кылгандыктан, жайыт бөлүмүнүн 22154900 беренесине 129,6 миң сом лимит каралып, аткарууга алынсын;

 

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

П. А.Эсеналиев